Радио

Кыргызстанда өзгөчө макамдагы ЖОЖдордун консорциуму түзүлөт

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев университеттер биргелешип иш алып барган учурда билим берүүнүн деңгээли дагы да жогорулай турганын айтты.
Sputnik
Өзгөчө макамы бар ЖОЖдордун консорциумун (бирикме) түзүү жөнүндө келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Мирлан Чыныбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бирикменин башкы максаты — университеттердин рейтингин эл аралык деңгээлде жогорулатуу.
"Өзгөчө макамдагы ЖОЖдордун консорциумунун эң башкы максаты — эл аралык рейтингде Кыргызстандагы окуу жайлардын деңгээлин өстүрүү. Бирикме билим берүү сапатын жогорулатууга, илимий изилдөөчүлөргө керектүү шарттарды түзүп берүүгө жана мугалимдердин квалификациясын бийиктетүү үчүн беш университеттин алдында түзүлүп жатат. Алдыда ар бир окуу жайда билим борборлорун ачуу каралууда. Мисалы, биздин университетте IT тармагы боюнча борбор ачылат. Консорциум — биргелешип иш алып барганга мыкты мүмкүнчүлүк. Билим берүүнүн сапатын чогуу көтөрүүгө аракет кылып жатабыз", — деди ректор.
Ал рейтингди өстүрүү үчүн биринчи кезекте илимий макалаларды көбүрөөк жазуу керектигин кошумчалады.