БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. НАТОнун Россия менен ачык тирешүүгө даяр экени тууралуу билдирүү дүйнөнү өзөктүк коллапска жетелөөдө, Москва альянс менен тирешүүгө эч качан умтулган эмес, ал эми мындай билдирүүлөр атайын операциянын максатын өзгөртө албайт. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын депутаты Олег Морозов айтканын РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, буга чейин НАТОнун аскер комитетинин адмиралы Роб Бауэр альянс Россия менен ачык тирешүүгө даяр экенин айтып чыккан.
"НАТО мындай билдирүүлөр дүйнөнү өзөктүк коллапска кептей турганын түшүнүшү керек. Украинадагы максатыбыздан баш тарттыра алышпайт. Өзөктүк жаңжалда тандоо деген болбой турганын кабыл алуу шарт", — деди Морозов.
Депутат Бауэрдин билдирүүсүн "акылга сыйгыс" деп атап, Москва эч убакта НАТО менен чырдашууга умтулбаганын белгиледи.
"Украинада аскердик кысымды күчөтүп жооп беришибиз керек. Алдыга ташталган кадам НАТО менен согушту жылдырат, ал эми артка чегинүү жакындатат!" — деди Морозов.
Ал арада Германиянын канцлери Олаф Шольц берген антына жоопкерчиликтүү мамиле жасай турганын, мындан улам Украинадагы окуялар Россия менен НАТОнун ачык тирешүүсүнө өтүп кетпеши үчүн колунан келген аракеттин баарын жасай турганын билдирди.
Ал Tagesspiegel гезитине маек куруп, кырдаалдын курчуу ыктымалдыгы боюнча суроого жооп берген.
"Жеңил ойлуулук менен Германияны алдыга сүрөп жаткандардын жетеги менен боло албайбыз. Эл аралык координацияга карап, эске алып иш кылабыз. Башкача чечимдер абалды курчутуп, жоопкерчиликсиз кадам болмок", — деди Шольц.