Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

НАТО Россия менен ачык эле тирешүүгө даяр. Аскер комитетинин билдирүүсү

Адмирал альянска кирген өлкөлөр өндүрүшүндө аскердик тармакка артыкчылык бериши керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. НАТО Россия менен ачык эле тирешүүгө даяр. Бул туурасында альянстын аскердик комитетинин төрагасы адмирал Роб Бауэр Португалиянын RTP басылмасына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал Москванын стратегиялык максаты Украинанын аймагынан сыртка чыгуу деген ойдо. Адмиралдын пикири боюнча, Россия Советтер Союзунун чек арасын түзүүгө белсенип жатат.
Бауэр атлантикалык альянска кирген өлкөлөр өндүрүштүк ишканаларында аскердик тармакка артыкчылык бериши керектигин белгилеген. Ошону менен катар адмирал блок аскердик демилгелер боюнча монополия кыла албай калганын да моюндаган.
Өз кезегинде Россия бир нече жолу НАТОнун максаты конфронтация экенин айтып келген. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков блоктун мындан ары кеңейиши Европага коопсуздукту алып келбей турганын белгилеген болчу. Ал эми ТИМ Москва НАТО менен тең укуктуулук негизде сүйлөшүүгө ачык экенин, ошол эле учурда Батыш континентти милитаризациялоодон баш тартышы керектигин билдирген.
Кремль Россия Европага эч кандай коркунуч жаратпастыгын, бирок өзүнүн кызыкчылыгы үчүн кооптуулук жаралса андай аракеттерди көңүл сыртында калтырбай турганын эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Россия менен тирешүү ойлогондон бир топ оор экенине көзү жетти