Кыргызстандагы алыскы айылдардын биринде спорт зал ачылды. Сүрөттөр

Курулуш 2015-жылы башталган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Нарындын Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылында жаңы спорт зал ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
1 / 2

Нарындын Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылында жаңы спорт зал ачылды

2 / 2

Айыл тургундарынын көп жылдардан берки өтүнүчүн эске алып, спорт залдын курулушу республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин тизмесине киргизилген. Курулушу 2015-жылы башталган.

Айыл тургундарынын көп жылдардан берки өтүнүчүн эске алып, спорт залдын курулушу республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин тизмесине киргизилген. Курулушу 2015-жылы башталган.
Ачылыш аземине жергиликтүү жетекчилик жана тургундардан тышкары, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин өкүлдөрү, парламент депутаттары катышты.
Ачылышта жетекчилер тарабынан куттуктоолор айтылып, спорт залдын курулушуна салым кошкондорго сыйлык тапшырылды.
Россия Кыргызстанда кура турган 9 мектеп кайсы жерге салынары айтылды