Радио

Жентек аялзатына гана берилген. Манасчы сөздүн маанисин түшүндүрдү

"Көйкашка" коомдук фондунун мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздү чечмелеп берди.
Sputnik
Жентек кыргызда аялзатына гана берилип келген. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, эне тилди билүү ар бир кыргыздын милдети жана парзы.
"Кыргызда "жентек" деген сөз бар. Манаста "чакыртып журтка бериптир, сегиз бээ союп жентекти" деп Чыйырдынын төрөткө катышкан аялзатына берген жентеги тууралуу айтылат. Бул жөрөлгө — жаңы төрөлгөн ымыркайдын кубанычына берилүүчү сый тамак. Көпчүлүк учурда жентек айыл-ападагы аялзатына берилет. Каадасына жараша кабар берилип, мал союлган учурлар кездешет. Тойдон айырмасы, салттуу оюндар болбойт, тамак берилип, бата алынат. Тамактын арасында сөзсүз карынга куюлуп катылган сары май болушу шарт. Соңку убактарда жентек доолашуу эркектерге деле өөн учурабай калды", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал ар бир салт мезгилине жараша өзгөрүп жатканын кошумчалады.