Батыш эми Киевге заманбап истребителдерди берүүгө белсенгенин белгилейт серепчи Ирина Алкснис. Автор РИА Новости сайтына жарыяланган кезектеги макаласында ушул маселеге токтолгон.
Аталган басылманын булактары маалымдагандай, Батыш Киевге аскердик жардамынын көлөмүн "Россиянын каарына калбоо" үчүн атайын акырындап жогорулатууда. Ысымын атабаган дипломаттардын бири "Батыш өлкөлөрүнүн көбү эгер согуштун биринчи этабында Украина сураган бүт техника берилсе, Россия тарабынан катуу реакция жасалмак, анын ичинде өзөктүк "жооп" да болмок" деп болжошконун түшүндүргөн.
Батыштын пикиринде, Россиянын "катуу реакция" кылуучу жападан жалгыз инструменти — өзөктүк куралы бар. Анын кесепетинен бүтүндөй адамзат жабыркай турганы маалым болгондуктан дүйнө жүзү аны колдонуудан өзүн тизгиндеп турат. Бул – чындап эң аргасыз кырдаалда гана колдонулчу жүйө. Батыштын Москвага карата стратегиясы кыйла сабаттуу түзүлгөнүнө баракелде дешке да болор. Бир гана маселе бар: Россия да Батыштын өзүн жай "кайнатууда". Бул процессте олуттуу ийгиликтерге да жеткени белгилүү.
Киевди танк менен камсыздоо чечимин коштогон НАТОнун айланасындагы жаңжалдар атайын уюштурулган нерсе эмес. Азыркы кырдаалдын канчалык кооптуу, канчалык начар экенин аңдаган күчтөр Батышта жетишерлик. "Украинада орустарга каршы немец танкалары согушмакчы" деген эле фраза эски жараны тырмагандай россиялыктардын да, европалыктардын да көңүлүн чөгөрөт. Ошондой эле жаңжалда чоң өзгөрүүлөр болгонунан кабар берет.
Кеп танк жаатында гана эмес. Украина Батыш үчүн кынтыксыз жана гибриддик согуш болууга тийиш эле, кайсы бир убагында ошондой да болду. Украиналыктар – алардын баамында акыркысына чейин согуша турган мыкты жоокерлер. Аларга боор тартып да коюшпайт. Ошол эле учурда Украинанын өзүндө да, башка бир топ өлкөдө, айрыкча Чыгыш Европада да жайнаган эски советтик техника менен согушары болжонгон.
НАТОго болгону чалгындоо маалыматтары, заманбап байланыш каражаттары, ошондой эле зарыл учурда жалданма аскер жана айрым каржылык салымдар менен камсыздоо милдети гана жүктөлмөк. Баштапкы планга ылайык, Украина үчүн Москва бардык нерседе "жыгылууга" тийиш эле. Адегенде согуштук аракеттердин жүрүшүндө оор жоготууларга учурамак, андан соң талкаланган, талап-тонолгон территорияларды көзөмөлгө алмак. Батышка карай жылган сайын калктын антироссиялык маанайы күчөп, узакка созулган диверсиялык согушту тутантмак.
Атайын аскердик операциянын өнүгүшү бул пландарга түзөтүүлөрдү киргизди. Анын жай жүрүшү жана Украина Куралдуу күчтөрүнүн күзүндөгү чабуулдарындагы айрым ийгиликтери батыш истеблишментинин Россияны жеңүүгө мүмкүн экенине ишендирип койду. Ошондон улам ушул ойду жүзөгө ашырууну кош колдоп кубаттоого алышты.
Батыш ушундай натыйжа алуу үчүн баарына кайыл, эми өз чечиминин кесепеттерин көргөнү турат. Өз экономикасынан эч нерсе калбаган Украинаны толук багууга аргасыз. Дүйнөлүк рыноктогу триллиондук көбүктөр, кол алдында акча баса турган станок турганда, балким, Батыш үчүн бул чоң деле чыгым эместир. Бирок баары бир кеп миллиарддаган каражаттар туурасында. Баштапкы пландарга мындай масштабдуу чыгымдар каралбаганы ырас. Анан да улам күчөп бараткан экономикалык каатчылык кезинде кыйла кыйноого салары бышык.
Советтик техника жана эскилиги жеткен чет өлкөлүк үлгүлөр түгөндү. "Леопард", "Абрамстар" жана башка батыш техникасы менен жабдуу демилгеси бардык жагынан начар экени белгилүү. Анткени кымбат, өз резервдерин бошотууга да туура келет, себеби бул техника россиялык күчтөргө каршы татыктуу боло алабы, климаттык шарттарга туруштук бере алабы, булардын баары белгисиз.
Ошондой эле аларды пайдалануу үчүн украиналык экипажды бачым даярдоо абзел. Бул үчүн Украинага өзүнүн "отставкадагы" аскерлерин жөнөтүшү шарт. Бул техникалар менен жабдуудан башка аргасы да жок.
Эми дагы бир баш оору байкалууда: согушка жарамдуу украиналыктар азая баштады. Бүтүндөй Украинадан мурдагыдан да катаал ыкмалар менен аскерге чакыруунун кезектеги толкуну тууралуу маалымат түшүүдө. Өлкөнүн мобилизациялык резерви да аяктап барат. Эксперттердин бир даары 200-300 миң киши топтоого болорун, бирок ошону менен бул ишке барчу топ түгөнөрүн айтышат. Демек, бир нече айдан кийин (жай-күзгө жакын) согуша турган киши калбайт.
Ошондо "Леопард", "Абрамстар" жаатындагы чечиминен да оор кадамга барууга — Украинаны Афганистан сымал таштап кетүүгө же өз армияларын Россия менен күрөшүүгө жөнөтүүгө мажбур болору ажеп эмес. Кептин баары — Батыштын өзүнүн жеңилгенин жана Москванын жеңишин моюнга алуу оор кесепеттер менен коштолорунда.
Россия үчүн азыркы тиреш оңой эмес экени, анткени өлкөнүн тагдыры чечилери мамлекеттик деңгээлде айтылып келген. Батыштын да жагдайы дал ушундай. Ал түгүл анын кырдаалы бир полярдуу дүйнөнүн бузулушу же глобалдуу долларлык каатчылыктан да кыйла татаал.
Ушул тапта анын дүйнөдө үстөмдүк кылган доору аяктап барат. Беш жүз жылдык макамын сактап калуу же узартуу үчүн Батыш кандай кадамдарды жасайт? Кыязы, баарына барчудай түрү бар. Өзүн куткарып калуу үчүн Россияны жеңүүнү көздөйт.
Окуялар өзү күткөндөй, пландагандай кетпегендиктен азыр далбастап, кыжырданып жаткандай элес калтырат. Ал тургай жакын арада "украиналык согуш талаасында вермахттын, кечиресиздер, бундесвердин, НАТОнун бөлөк күчтөрүнүн россиялык армия менен бет келишине даярбы?" деген соболго да жооп берүүгө туура келет...