Ирандын аскердик объектилерине белгисиз учактар чабуул койду

Коргоо министрлиги кол салуунун артында ким турганын атаган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Ирандын аскердик объектилерине белгисиз учкучсуз учактар чабуул жасады. Бул тууралуу IRNA агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, соккудан кийин Исфахандагы ок-дары кампасында, Тебриздеги аскердик заводдо жана бир катар шаарлардагы башка аскердик инфраструктуралык объектилерде дагы жарылуулар болгон.
Ирандын Коргоо министрлиги Исфахандагы кампага кол салуу болгонун тастыктады. Мекеменин билдирүүсүндө учкучсуз учактардын бири абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөнүн, калган экөөнү аскердик күчтөр кармап, жардырганын билдирди.
Коргоо министрлиги кол салуунун артында ким турганын атаган жок.
Куранды эми Нидерландда өрттөштү. Түркия ТИМинин кадамы