Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: АКШ Украинаны эң керектүү бир ресурсу үчүн тынымсыз колдоп жатат

Америка титанды экономикалык жана улуттук коопсуздук үчүн эң керектүү делген 35 кен байлыктын катарына кошкон.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. АКШ Украинада титандын запасы болгону үчүн колдоп жатат. Бул туурасында РИА Новости Newsweek басылмасына таянуу менен жазды.
"Азыркы тапта АКШ жана анын союздаш өлкөлөрү Украинадагы металлдын ири ресурсун ишке киргизүүгө күч-аракетин жумшап жатат. Ал — Батыштын алдыңкы аскердик технологияларды чыгаруусунда чечүүчү мааниге ээ. Келечекте Россия менен Кытайдын мизин кайтарып турууга негиз болот", — деп жазылган макалада.
Ошондой эле АКШнын Ички иштер министрлиги титанды экономикалык жана улуттук коопсуздук үчүн эң керектүү делген 35 кен байлыктын катарына кошкону белгиленген. Америка мындай металлдын 90 пайызын чет жактан импорттойт.
"Батышта эмне үчүн Украинаны тынымсыз колдоп турушубуз керек деген талаштуу кептер уламдан-улам айтылууда. Титан негизги аргументтердин бири деп ойлойм", — деп айткан басылманын маектеши.
Буга чейин WSJ гезити Евробиримдик Россиянын "ВСМПО-Ависма" корпорациясына санкция киргизүү сунушунан баш тарткан. Буга Франциянын нааразычылыгы жана башка бир катар өлкөлөрдүн "Россия ЕБге титан экспорттоону токтотуп салышы мүмкүн" деген кооптонуусу себеп болгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО Россия менен ачык эле тирешүүгө даяр. Аскер комитетинин билдирүүсү