БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кирпик коштуруу процедурасынын зыяндуу жактары тууралуу "Известия" басылмасына дарыгер-дерматолог, онколог Ангелина Тону айтып берди.
Адис кирпик коштуруу биринчи кезекте аллергияга алып келиши ыктымалдыгын эскертти. Ошондой эле чаптай турчу каражаттарды улам колдоно бергендиктен кирпик жукарып, түбү бекем болбой түшүп калышы мүмкүн. Ал эми тынымсыз коштура бергендерде такыр өспөй калуу коркунучу бар экенин айтты.
Дарыгердин айтымында, процедураны коопсуз жасатуу көп нерсеге байланыштуу. Клейдин сапаты жана курамы, косметолог-адистин кесипкөйлүгү жана сулууланам деп жаткан адамдын жалпы саламаттыгы. Себеби вирустук ооруларда дары ичкендиктен аллергиялык реакция күчөшү мүмкүн.
"Айрымдардын көзүнүн сурмасына чейин аллергиялык реакция болот. Мындай учурда тери гана эмес, көз дагы жабыркайт. Клей жана жасалма кирпик көздү кызартып, кургатып, оорутат", — деген дарыгер.
Ангелина Тону ишенимдүү салондорго кайрылууну, косметолог-адистин кесипкөйлүгүнө көңүл бурууну баса белгиледи. Ошондой эле көз ооруп турганда кирпик коштурбай турган оң экенин айтты.