Радио

Маматалиев: "Ынтымак" фракциясынын позициясы ортодо

"Ынтымак" фракциясынын лидери Марлен Маматалиев аталган фракция бийликчил да, оппозиция да эмес экенин айтты.
Sputnik
Парламенттин мурдагы чакырылыштарындагы депутаттарда мүмкүнчүлүктөр чоң болчу. Алар фракциялар ортосунда министрликтерди бөлүп алып, өлкөдөгү кадр маселесин чечкенге чейин киришип турчу. Президенттик башкарууга өткөнү бул нерсе жоюлду. Андыктан Жогорку Кеңештин мүмкүнчүлүктөрү да азайды. Мындай пикирин Марлен Маматалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Ынтымак" фракциясы ортолук көз карашты карманат.
"Биздин фракция башынан эле өзүн ортолук көз караштагы, башкача айтканда, бийликчил дагы же оппозиция дагы эмес деп жарыялаган. Биз дайыма элдин ыңгайына туура келген тарапты карманууга аракет кылабыз. Мисалы, пенсиялык реформа боюнча мыйзам долбоорунун, салык кодекси тууралуу элге туура келбеген жагдайларын эске алып, биз фракциябыз менен каршы чыктык. Ооба, бардык эле учурда өз позициябызды коргоп кала албай жатабыз, аны моюнга алыш керек, бирок биз аракет кылуудабыз", — деди Маматалиев.
Ал депутаттар мурдагыдай кадр маселесин чечүүдө же башка иштерде коррупциялык жолдорго аралашып, өз кызыкчылыктарын аткаруучу бийликке таңуулай албай калышканын кошумчалады.