БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Алдыдагы аптада Талас облусунда аба ырайы кандай болорун Кыргызгидромет агенттиги айтып берди.
29-31-январда күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.
Ал эми 1-февралда тоолуу райондорго кар түшөт. Ошондой эле көпчүлүк аймактарга кардын 2-4-февраль күндөрү жаай турганы айтылды.
Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.