Милиция Ноокатта кафеде жети жаштагы баланы урган кишини кармады

Өспүрүмдү сабоого шектелген 30 жаштагы киши суракка алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Оштун Ноокат районундагы тамактануучу жайда жаш баланы урду деген киши кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Окуянын видеосу кече социалдык тармактарга тараган. Ноокат райондук милициясы бул фактыны маалыматтардын электрондук журналына каттап, териштирүү иштерин жүргүзгөн. Натыйжада жабыр тарткан бала 7 жаштагы М.А. болгонун, ага кол көтөргөн киши 30 жаштагы О. уулу Т. экени аныкталган. Экөө тең Ноокаттын тургундары болгон. Ошондой эле милиция экөө ата-бала эмес экенин да билдирди.
Учурда шектүү камакка алынып, сурак берүүдө. Өспүрүмгө карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Жасалма долларга көмүр сатып алам деген киши токмок жеди. Видео