Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары чек арадан ID-card менен өтө алат

Учурда өлкөнүн жарандары чет элдик паспорт менен кирип-чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары эми чек арадан ID-card менен өтө алат.
Аталган макулдашууга кечээ Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.
Бул чейин демилгени Тышкы иштер министрлиги көтөрүп, ЖКнын эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кароосуна алып келген.
Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги мындай чара мамлекеттер документти бекитүү иштерин аяктагандан кийин күчүнө кире турганын билдирди. Ал бир-эки айды талап кылышы мүмкүн.
Жаңы эрежеде транспорттун бардык түрү каралган. Чек арадан өтүү боюнча маалымат электрондук түрдө катталат. Учурда өлкөнүн жарандары чет элдик паспорт менен кирип-чыгат.
Кыргызстан менен Өзбекстан стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол койду