Ошто Ленинград блокадачыларын эскеришти. Сүрөт

Блокадада калган шаардан Кыргызстанга 16 миңден ашык адам, анын ичинен 3,5 миң бала эвакуацияланган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Ош шаарында Ленинграддын курчоодон бошотулгандыгынын 79 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Ош мэриясынан маалымдалгандай, иш-чарага вице-мэр Жасур Азимов, Россиянын Оштогу консулдугунун жана Россиянын аталган калаадагы илим жана маданият борборунун (Русский дом) өкүлдөрү, ардагерлер, мектеп окуучулары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ленинград курчоосунун курмандыктарын эскеришип, эстеликке гүл коюшту. Митинг-реквием 27-январда "Өчпөс от" мемориалдык комплексинин жанында өттү.
1 / 7

Ош шаарында Ленинграддын курчоодон бошотулгандыгынын 79 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.

2 / 7

Ош мэриясынан маалымдалгандай, иш-чарага вице-мэр Жасур Азимов, Россиянын Оштогу консулдугунун жана Россиянын аталган калаадагы илим жана маданият борборунун (Русский дом) өкүлдөрү, ардагерлер, мектеп окуучулары катышты.

3 / 7

Иш-чаранын жүрүшүндө Ленинград курчоосунун курмандыктарын эскеришип, эстеликке гүл коюшту.

4 / 7

Митинг-реквием 27-январда "Өчпөс от" мемориалдык комплексинин жанында өттү.

5 / 7

872 күн — Ленинград ушунча убакыт блокадада турган.

6 / 7

Бул трагедия 1 миллионго чукул адамдын өмүрүн алып кеткен.

7 / 7

Алардын 600 миңге чукулу ачкадан кырылган. Бул адамзат тарыхындагы эң узакка созулган жана эң каардуу курчоо болгон.

872 күн — Ленинград ушунча убакыт блокадада турган. Бул трагедия 1 миллионго чукул адамдын өмүрүн алып кеткен. Алардын 600 миңге чукулу ачкадан кырылган. Бул адамзат тарыхындагы эң узакка созулган жана эң каардуу курчоо болгон.
1944-жылдын 27-январында чыкылдаган аяздуу күнү блокада жырылып, фашисттик баскынчылардын тилеги таш капкан. 1944-жылдын январында курчоо алынгандан кийин да немец жана фин аскерлеринин басымы уланган. 1944-жылдын августундагы операциядан кийин гана фашисттер шаардан алыс сүрүлгөн.
Блокадада калган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңден ашык адам, анын ичинен 3,5 миң бала эвакуацияланган. Ал эми Улуу Ата мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан. 4 500дөн ашыгы Ленинградды бошотууда курман болгон.
Ленинграддын бошотулушу — эрдиктин үлгүсү. Садыр Жапаров кайрылуу жасады