Ош: Кара-Сууда эки кишини үйдөн чыгып бара жатканда атышкан. Алар ооруканада

Шектүүлөрдүн автоунаасы Ак-Буура дарыясындагы көпүрөдөн табылган. Учурда милиция из жашырып кеткендерди издөөдө.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагында эки киши октон жаракат алды. Маалыматты Ош ОИИБден билдирди.
Окуя 27-январь күнү саат 19:15 чамасында болгон, учурда жаракат алгандар дарыланып жатат.
"27-январь күнү саат 20:30 чамасында Кара-Суу РИИБге кабар түшкөн. Анда Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында эки киши ок жеп ооруканага түшкөндүгү айтылган. Бул маалымат РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды", — деди милициядан.
Анда айтылгандай, кечээ кечинде Нариман айыл аймагындагы турак жайлардын бирине жашы 30-35 чамасындагы белгисиз адамдар камуфляж кийип, куралданып Mercedes-Benz Vito автокөлүгү менен барышкан. Үйдүн жашоочулары өздөрүнүн автоунаасын айдап чыгып бара жатканда беркилер ок чыгарышкан. Мындан улам 21 жаштагы Т.А. бутунан, 32 жаштагы М.А. ичинен жаракат алган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин негизинде ("Каракчылык") кылмыш иши козголгон.
"Ыкчам издөө иштеринен кийин ошол эле күнү саат 23:21 чамасында шектүүлөрдүн автоунаасы Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясындагы көпүрөдө токтоп турган жеринен табылып, далил буюм катары Ош ОИИБдин короосуна токтотулду. Учурда качып кеткендерди кармоо боюнча иштер жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.
ИИМ: Чүй облусунун жашоочусунун үйүнөн баңгизат лабораториясы табылды. Видео