Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Британия Украинага согуштук учактарды жөнөтүшү мүмкүн

Буга чейин Батыш өлкөлөрү Украинага танктарды жеткирүү ниетин билдирген, бирок президент Владимир Зеленский Киевди учак жана ракета менен камсыздоого чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Британия Украинага Россиянын аскерлери чыгарылгандан кийин согуштук учактарды берүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Telegraph жазганын РИА Новости кабарлады.
Басылманын маалыматында, Британиянын абадан коргонуу күчтөрүндөгү кызмат адамдардын бири Киевге авиация каражаты берилерин четке каккан эмес. Ошол эле учурда мындай кадам Лондон үчүн приоритет эмес экенин белгилеген.
Анын айтымында, Украина учактарды аба мейкиндигин коргоо үчүн гана ала алат, тагыраагы, бул Россиянын аскерлери аймактан чыгарылгандан кийин ишке ашышы мүмкүн.
Буга чейин Батыш өлкөлөрү Украинага танкаларды жеткирүү ниетин билдирген, бирок президент Владимир Зеленский Киевди учак жана ракета менен камсыздоого чакырган.
Москва былтыр украин аскерлерине курал-жарак берилгенине байланыштуу НАТОго мүчө өлкөлөргө нота жөнөткөн.
Россия өткөн жылдын 24-февралында Украинага атайын операциясын баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери киевдик режим тарабынан геноцидге жана мазактоого кабылган элди коргоо" деп атаган. Бирок АКШ менен анын НАТО боюнча союздаштары ошондон бери Киевге 10 миллиарддаган долларлык курал-жарак жеткирүүдө. Россия Батыш тараптын Украинаны куралдандыруусу орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү болушуна өбөлгө боло албашын жана мындан негативдүү жыйынтык чыгышы мүмкүн экендигин, Украинага берилген ар бир курал Россия үчүн мыйзамдуу бута болорун айтып келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Байден Украинага Abrams танкаларын жөнөтөрүн жар салды. Россиянын жообу