Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Россия менен тирешүү ойлогондон бир топ оор экенине көзү жетти

Путин атайын операциянын максатын "сегиз жылдан бери киевдик режим тарабынан геноцидге жана мазактоого кабылган элди коргоо" деп атаган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. АКШ Россияны Украина менен жаңжалдын башында олуттуу каршылаш катары караган эмес. Мындай пикирин Пентагондун жетекчисинин мурдагы кеңешчиси, АКШ армиясынын отставкадагы полковниги Дуглас Макгрегор айтканын РИА Новости жазды.
"АКШнын жаңжалдын башындагы өзүнө болгон бекем ишенимине карабай Россия майтарылган жок. Батыштын Москва режимин алмаштыруусу боюнча биргелешкен талаптарына да баш ийген жок", — деген ал.
Полковниктин айтымында, АКШ Россия коомчулугунун биримдигин, көмүскөдөгү аскердик потенциалын жана батыштын экономикалык чектөөлөрүнө каршы иммунитетин туура баамдай алган эмес.
"Буга чейин АКШ аскердик күчүн өнүгүп келе жаткан алсыз каршылаштар менен болгон жаңжалдарда пайдаланган. Ак үй Россияга каршы күрөштө Украинаны колдонууну чечкендиктен бул жолу баары башкача болду. АКШ Украина жеңет деп ишенгени менен Киев чоң чыгымдарга учуратып, техника, Батыш тараптан берилген курал-жарактарды коротуп, бирок согуш талаасында ийгилик көрсөтө албай жатат. Украинанын жеңилип жатканын токтотуп калууга биргелешкен Батыштын кудурети жетпей жатканына Вашингтон нааразы болуп турат. Чынында бул нааразычылык бат эле жеңиштен үмүт үздүрөт", — деген Макгрегор.
Ошол эле учурда ал АКШ менен НАТО альянска кирген башка мамлекеттердин каалабай калганына карабай Россияны жеңүүгө аракет жасашат деген божомолун кошумчалаган.
"Биз дагы, биздин союздаштар дагы Россия менен аймактык деңгээлдеги да, глобалдык деңгээлдеги дагы согушка даяр эмеспиз", — деген Макгрегор.
Россия өткөн жылдын 24-февралында Украинага атайын операциясын баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери киевдик режим тарабынан геноцидге жана мазактоого кабылган элди коргоо" деп атаган. Бирок АКШ менен анын НАТО боюнча союздаштары ошондон бери Киевге 10 миллиарддаган долларлык курал жеткирүүдө. Россия Батыш тараптын Украинаны куралдандыруусу орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү болушуна өбөлгө боло албашын жана мындан негативдүү жыйынтык чыгышы мүмкүн экендигин, Украинага берилген ар бир курал Россия үчүн мыйзамдуу бута болорун айтып келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Байден Украинага Abrams танкаларын жөнөтөрүн жар салды. Россиянын жообу