Россиянын АКШдагы элчилиги жаңы санкциялар боюнча үн катты

Дипломаттар чектөө чараларынын кеңейишинен биринчи кезекте чет өлкөлүк ишкерлер менен коммерциялык уюмдар жабыр тартарын кошумчалашты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Россия АКШнын өзүнө ылайыктуу тартипти таңуулашына туруштук берет. Бул тууралуу Москванын Вашингтондогу өкүлчүлүгү кезектеги антироссиялык санкциялар тууралуу айтып жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
Бейшемби күнү АКШ Россиянын жарандары жана компанияларына каршы жаңы санкциялар киргизилгенин жар салган. Чектөөлөр Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен Татарстандын жетекчиси Рустам Миннихановго, ошондой эле 531 аскер адамына салынган.
"Мындай "сыноо" биз үчүн жаңылык эмес. Россия баарына туруштук берет", — дешти элчиликтен.
Дипломаттар чектөө чараларынын кеңейишинен биринчи кезекте чет өлкөлүк ишкерлер менен коммерциялык уюмдар жабыр тартарын кошумчалашты. Алардын россиялык бизнесмендер менен өз ара пайдалуу кызматташуусу солгун тартып бара жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Германия канцлери Украинадагы жаңжалдын аякташы боюнча божомолун айтты