БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Ысык-Көл облусунда таштандыны иргеп чогултуу боюнча цехти ишке киргизди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Таштанды иргөөчү ишкана Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында жайгашкан.
"Таштандыны сорттоп чогултуу жана аны кайра иштетүү экологияны жакшыртат, ошондой эле жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылат. Сорттоочу линиянын кубаттуулугу суткасына эки тоннаны түзөт", — деп билдирди министрлик.
Жаратылыш ресурстары министрлиги пластик таштандыларды кайра иштетүү технологиясы Кыргызстанда мурда колдонулган ыкмаларга салыштырмалуу жаңы экендигин кошумчалаган.
"Чийки зат алгач кургак ыкма менен жуулат, андан кийин аба агымы менен нымдуу чөйрөгө, андан ары кургатуу менен сыгуу системасына жана сактоочу бункерге өткөрүлөт", — деп жазылат маалыматта.
Жаратылыш ресурстары министрлиги 2023-жылы Ысык-Көл облусунун түндүк тарабына дагы бир нече сорттоочу линияларды ишке киргизүүнү пландоодо.