Радио

Бүгүн Сталинграддагы жеңиштин 80 жылдыгына карата жөө жүрүш өтөт

Коргоо министрлигинин башкы күжүрмөн даярдоо башкармалыгынын дене тарбия, спорт бөлүмүнүн башчысы, подполковник Канат Сагынбеков аскерлердин жөө жүрүшү машыгуунун эӊ татаал түрү экенин айтты.
Sputnik
Кыргызстанда "Наша Победа – Биздин Жеңиш" издөө кыймылы менен биргеликте Сталинград согушундагы фашисттик немец аскерлеринин талкаланышынын 80 жылдыгына арналган жөө жүрүш өтөт. Бул тууралуу Канат Сагынбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган акция Токмок, Балыкчы, Григорьевка, Ош жана Жалал-Абад шаарларында болот.
"Аталган иш-чара "Наша Победа — Биздин Жеңиш" издөө кыймылы менен биргеликте уюштурулууда. 27-январда саат 16:00дө министрликтин түзүмдөрүндө жана бөлүктөрүндө өздүк курам беш чакырымдык жөө жүрүш жасашат. Жөө жүрүш машыгуунун эӊ татаал түрү, мындан улам аскер кызматкерлери дене тарбия жана моралдык даярдыктан өтүштү. Бул машыгуу аскер адамдарын чыдамдуулукка тарбиялайт, андан тышкары, өз ара жардам берип, колдоп, биримдикте тоскоолдуктарды жеӊүүгө үйрөтөт. Иш-чара жаштарды патриоттулукка үндөө, согуштун катышуучуларын эскерүү максатын көздөйт. Акциянын Бишкектеги жыйыны саат 15:30да Дайыр Асанов атындагы Аскер лицейинде жана Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунда болот. Эскерүү иш-чараларына 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун, Сталинград согушунун катышуучуларынын урпактары, 98 жана 99-аткычтар бригадаларынын жоокерлери, аскердик, спорттук клубдар, ардагерлердин уюмдары, окуучулар, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери чакырылат", — деди Сагынбеков.
Ал 1943-жылдын 2-февралы Сталинград салгылашуусунда фашисттик немец аскерлер жок кылынган күн экенин эскертти.