46 ардагер Невага барат. Ленинграддын курчоодон бошотулушу. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Ленинграддын курчоодон толук бошотулушунун 79 жылдыгына карата Невага азаптуу күндөрдү башынан өткөрүп, бирок аман калган 46 ардагер бир нече өлкөлөрдөн барарын Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы жазып, тарыхый видео жайгаштырды.
Алар тогуз мамлекеттен — Армения, Беларусь, Кыргызстан, Өзбекстан, Латвия, Литва, Эстония, Германия жана Израилден сапар алышат.
Ленинград фашисттердин өлүм, азап тартуулаган курчоосунда 872 күн, тагыраагы, 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин турган.
Санкт-Петербург шаардык соту 2022-жылдын октябрында бул блокаданы аскердик кылмыш жана совет элинин геноциди деп тапты.
Жүрөк үшүткөн сандар:
бул аяздуу күндөрдө каза тапкандардын саны 1 миллион кишиден ашкан. Ал статистикада көрсөтүлгөндөрдөн 1,5 эсе көп.
Ленинград шаары жана анын жашоочулары тарткан чыгым азыркы курс менен алганда 35,3 трлн. рубль деп бааланган.
Окоптон ойнолгон гимн: шаардын азаптуу курчоосу кантип үзүлгөн? Видео