"Кыргыз эли көчмөн болгондуктан жылкы баласына жакын болуп, ансыз жашоону элестетүү мүмкүн эмес эле. Той-аштын көбүндө ат чаптырып, байге сайып келген. Ошондуктан саяпкерлердин орду абдан маанилүү болгон да. Аттын сырын, дараметин билип, күлүктүн күлүк болорун карап туруп айткандар болгон. Мен дагы бала кезден ат үстүндө чоңоюп, кичинекейимден тарта мелдештерде ат чаптым. Эс тартканы Чолпон-Атадагы №54 жылкы заводуна келип ат минип жүрдүк. Кийин Таластагы айтылуу №113 жылкы заводуна барып калдым. Мени Гайтун деген күлүккө чабандес кылып коюшту. Республикалык, эл аралык ат чабыштарда алдына бирөөнү да чыгарбай, көп байге уткан күчтүү күлүк эле. Мындан тышкары, Сабля, Океан, Загорный сыяктуу күлүктөрдү чаптым. Убагында, союз учурунда Кыргызстандагы №54 жана №113 жылкы заводдору мыкты күлүктөрдү чыгарып турган", — деди Намазов.