БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү боюнча жаңыланган Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.
Анын жардамы менен кызыккан тараптар автокөлүктүн техникалык кароодон өткөнүн жана анын кайсы учурга чейин жарактуу экендигин так биле алат. Ал үчүн сайтка автоунаанын мамлекеттик номерин киргизүү керек.
"Система транспорт каражаты тууралуу маалыматтарды пайдалануу, топтоо жана сактоону камсыз кылат. Ал өлкөдөгү каттоодон өткөн бардык диагностикалык борборлорго туташкан. Бул онлайн тартипте техникалык кароодон өткөн автокөлүк боюнча тиешелүү маалыматтарды берет", — деп маалымдайт министрликтен.
Мыйзамга ылайык, автоунаалар төмөнкүдөй техникалык кароодон өткөрүлөт:
1. Ишкердүүлүк тармагында төмөнкүлөрдү ташууда колдонулат:
жүргүнчүлөр (такси кызматы);
жүктөр;
кооптуу жүктөр.
2. Атайын транспорт каражаттары (Тез жардам, өрт өчүрүүчү автотехникалар, автокрандар, жыгач ташуучу автоунаалар, самосвалдар, цемент ташуучу автокөлүктөр, эвакуаторлор, узун жүктөрдү ташуу үчүн автоунаалар, айыл чарба жана токой чарба тракторлору, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналар жана акча, баалуу буюмдарды ташуу үчүн колдонулган транспорт каражаттары).
Мындан башка автоунаалардын ээлери техникалык кароодон өздөрүнүн ыктыяры менен өткөрөт.