Жапаров менен Мирзиёев канайымдар менен "Ала-Арча" паркына барышты. Сүрөт

Ардактуу коноктор үчүн боз үйлөр тигилип, концерттик программа уюштурулду.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Өлкө башчынын маалымат кызматы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёевдин "Ала-Арча" жаратылыш паркына барганын билдирип, сүрөттөрүн жарыялады.
1 / 5

Өлкө башчынын маалымат кызматы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиеёвдин "Ала-Арча" жаратылыш паркына барганын билдирип, сүрөттөрүн жарыялады

2 / 5

Президенттерди биринчи айымдар Айгүл Жапарова менен Зироатхон Хошимова коштоп баргандыгы белгилүү болду

3 / 5

Эки өлкөнүн башчыларынын бейформал жолугушуусунда “Ала-Арча” жаратылыш паркында кыргыз элинин каада-салты менен тааныштыруу уюштурулду

4 / 5

Анда боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлөр менен усталардын жасаган буюмдары коюлган

5 / 5

Мындан тышкары, президенттер менен биринчи айымдарга улуттук тамак-аш тартууланды

Президенттерди биринчи айымдар Айгүл Жапарова менен Зироатхон Хошимова коштоп баргандыгы белгилүү болду.
Эки өлкөнүн башчыларынын бейформал жолугушуусунда “Ала-Арча” жаратылыш паркында кыргыз элинин каада-салты менен тааныштыруу уюштурулду. Анда боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлөр менен усталардын жасаган буюмдары коюлган.
Мындан тышкары, президенттер менен биринчи айымдарга улуттук тамак-аш тартууланды. "Мурас" фольклордук-этнографиялык ансамбли кыргыздын жана өзбек элинин улуттук музыкалык чыгармаларын аткарды.
Эске салсак, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 26-январда башталган мамлекеттик сапары бүгүн аяктады.
Жапаров менен Мирзиёевдин жолугушуусу кандай өттү? Тарыхый күндүн видеосу