Кыргызстан менен Өзбекстан президенттеринин жолугушуусу башталды

Документтерге кол коюу аземи күтүлүүдө. Бирок кайсы маселелер боюнча экендиги азырынча белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусу башталды.
Өзбек лидери Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен кечээ келди, аны жубайы коштоп жүрөт.
Биргелешкен жыйында бир катар документтерге кол коюлат. Азырынча кайсы документтер экендиги белгисиз. Президенттердин чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча парламенттер тарабынан мурда кабыл алынган келишимдерге кол коюшу күтүлүүдө.
Иш сапардын программасына ылайык, мамлекет башчылары прессага билдирүү жасашат.
Мирзиёевдин расмий сапары: президент алгач "Ата-Бейитке" барды. Сүрөт