ТИМ кыргызстандыктар үчүн Казакстанга кирүүнү жөнөкөйлөштүрүүнү сунуштады

Буга чейин Казакстан бийлиги чет элдиктердин өлкө аймагында жүрүү эрежелерин өзгөрткөн болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. КР Тышкы иштер министрлиги Казак бийлигинен кыргызстандыктардын Казакстандын аймагында жүрүү эрежелерин жеңилдетүүнү өтүндү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, аталган маселе боюнча тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Казакстандын өлкөдөгү элчиси Рапил Жошыбаев менен болгон жолугушууда айткан. Жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен өттү.
Буга чейин Казакстан бийлиги чет элдиктердин өлкө аймагында жүрүү эрежелерин өзгөрткөн болчу. Тагыраагы, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары мурда 90 күн эркин жүрүп, чек арадан кирди-чыкты (Visa Run) менен мыйзамдуу жашоо мөөнөтүн узартып алса, эми андай мүмкүнчүлүк болбойт. Алар эми жарым жыл ичинде 90 күн жүрө алат. Андан соң чыгып, кайра кирүү үчүн кийинки жарым жылдыкты күтүшү керек.
КР ТИМи өтүнүчүндө өзгөчө Казакстанга байма-бар барган же каттаган айдоочуларга, куруучуларга, коомдук тамактануучу жайларда иштеген жарандардын абалына көңүл бурган. Министрлик Казакстан менен Кыргызстандын стратегиялык алакада экендигин, ЕАЭБге экөө тең мүчө болгонун эске алып, кыргызстандыктар үчүн эрежелерин жөнөкөйлөштүрүүнү өтүндү.
Жошыбаев мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Казакстан ИИМи чет элдик жарандардын өлкө аймагынан чыгуусун көзөмөлдөө жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү максатында демилгелегенин белгиледи. Ошондой эле элчи жакын арада эки өлкөнүн бул маселе боюнча тиешелүү өкүлдөрү менен видеоконференция форматында көйгөйдү талкуулоо үчүн жолугушуу уюштурууну сунуштады.
Кыргызстан Казакстанга экспорттогон негизги 10 товар