БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине айлык маяна ар бир айдын бешинен кечиктирилбей төлөнүшү керек. Мындай тапшырманы билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов койгонун мекемеден маалымдады.
Билдирмеде айтылгандай, бул боюнча өлкөдөгү бардык ЖОЖ, мектеп жана башка билим берүү мекемелеринин жетекчилерине кат жөнөтүлгөн.
Катта кызматкерлердин айлыгы кечиктирилсе билим берүү жайынын жетекчисине чара көрүлөрү да белгиленген.