Радио

Кластерлердин саны көбөйүп, жеңилдетилген насыя берилүүдө

Айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров аталган тармакка 17 миллиард сом каралып, анын 13 миллиарды бөлүнгөнүн маалымдады.
Sputnik
Кластерлердин санын көбөйтүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу Нурдин Алишеров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкөдө тогуз кластер түзүлгөн.
"Айыл чарба тармагына 17 миллиард сом каралып, анын 13 миллиарды бөлүндү. Каражат ирригацияны оңдоп-түзөөгө, үрөн, жер семирткич сатып алууга, айыл чарбаны каржылоо, дыйкандарды субсидиялоо сыяктуу иштерге жумшалды. Былтыр айыл чарба комплексин каржылоо боюнча жаңы долбоор ачылган. Аны министрлик жүргүзгөн саясаттын келечектеги багыты катары кароого болот. Аталган долбоор азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана кластерлерди өнүктүрүүгө багытталган. Учурда тогуз социалдык маанилүү деп эсептелген азык-түлүктүн кластери түзүлдү. Ар бир кластерге миллиард сомдон, дагы миллиард сом айыл чарба техникасына жана асыл тукум малдын лизингине каралып, жалпы 10 миллиард сомду түзгөн. Быйыл дагы жети кластерди кошуу мерчемделүүдө. Долбоордун алкагында 2 700 адам алты пайыздык чен менен жеңилдетилген насыя алды", — деди Алишеров.
Аткаминер кластерлерди каржылоо РСК банк жана "Айыл банкы" тарабынан ишке ашырыларын кошумчалады.