БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Былтыр алдамчылык фактылары менен 16 турак жай кооперативине арыз-даттануулар келип түшкөн, ИИМдин маалымат кызматы Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына таянып билдирди.
Милиция анын ичинен иши тергелип жаткан 15 турак жай кооперативин атады. Алар: "Ак үй КЖ", "Жилье Гарант" , "Элдик Групп", "Ихсан Групп ЛТД", "Береке ЛТД", "Дарим хаус", "Ордо-Мурас", "М строй групп", "С-Лайн", "Биринчи турак жай кооперативи", "Ансар", "Ипотека", "МПК коператив", "Нью миленниум", "Эл биримдиги" кооперативдери.
"2022-жылдын 12 айына карата Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 1 515 кылмыш иши катталган, мурунку жылдан 9 кылмыш иши өткөн, бардыгы болуп 1 524 кылмыш иши өндүрүшкө алынган. Анын ичинен 1 284 иш соттук кароого жиберилген. Жалпысынан 1 524 адам жабырлануучу болуп табылган. Келтирилген материалдык зыян 901 миллион 726 миң сомду түзөт. Учурда 108 миллион 855 миң сому өндүрүлдү. Калган кылмыш иштери боюнча тергөө улантылууда", — деп айтылат маалыматта.
ИИМ турак жай алуудагы ар түрдүү багытта алдамчылыктар бар экендигин эскертет.