Азербайжандын элчилигине ок атылган учурдун видеосу

Тегеран полициясы кол салган адам кылмышка жеке жана үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн улам баргандыгын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Ирандын баш калаасынын полиция башчысы Хусейн Рахими Tasnim агенттигине Азербайжандын Тегерандагы элчилигине кол салган киши эки кичинекей баласы менен дипломатиялык өкүлчүлүккө киргенин билдирди. Бул тууралуу Sputnik Азербайжан агенттиги жазды.
Учурда кол салган адам кармалып, сурак берүүдө.
"Кол салган киши кылмышты жеке жана үй-бүлөлүк көйгөйлөрдүн негизинде жасаганын айтты", — деген Рахими.
Азербайжандык басылмалардын маалыматына караганда, ок чыгарган киши (айрым маалыматтар боюнча, бул Иран жараны Ясин Хусейнзаде) элчиликтин административдик имаратына Kia Pride унаасы менен 14 жаштагы кызы жана 7 жаштагы баласы менен барган.
Социалдык тармактарда кол салуу болгон учурдун видеосу тарады.
Эске салсак, бүгүн Азербайжандын Ирандагы элчилигине кол салуу болуп, бир адам көз жумуп, дагы бир киши жарадар болгон. Чабуулдун мизин кайтарууда элчиликтин күзөт жаатына жоопкер кызматкер Орхан Аскеров каза болгон.
Азербайжан тарап иликтөө иштерин баштады.
Азербайжандын Ирандагы элчилигине кол салынып бир адам көз жумду