БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Азербайжандын Ирандагы элчилигине кол салуу болуп, бир адам көз жумуп, дагы бир киши жарадар болгонун Sputnik Азербайжан агенттиги жазды.
Чабуулдун мизин кайтарууда элчиликтин күзөт жаатына жоопкер кызматкер Орхан Аскеров каза болгон.
ЖМКлар элчиликке кол салууга шектелген адамдын кармалганын айтышууда.
Азербайжан тарап иликтөө иштерин баштады.