Акылбек Жапаров өзбекстандык инвесторлорду ГЭС курууга чакырды

Өкмөт башчы Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан республикалары Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун долбоорун биргеликте ишке ашырууну макулдашканын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзбек компанияларын Кыргызстанга, анын ичинде чакан жана орто гидроэлектр станцияларынын курулушуна инвестиция жасоого чакырды.
Эскерте кетсек, учурда Бишкекте кыргыз-өзбек бизнес-форуму өтүп жатат.
Өкмөт башчынын айтымында, Кыргызстан экологиядагы масштабдуу маселелерди жана климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен "таза энергетиканы" жайылтуу багытындагы кызматташууга өтө кызыкдар. Жапаров Кыргызстан энергиянын кайра жаралуу булактарынын кеңири потенциалына ээ экенин белгиледи.
"Биз өзбек компанияларына өлкөбүздөгү чакан жана орто гидроэлектр станцияларын курууга катышуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштайбыз. Бул долбоорлор жалпы регионго материалдык эле эмес, экологиялык дивиденддерди да берет", — деди Жапаров.
Ал Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан республикалары Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун долбоорун биргеликте ишке ашырууну макулдашканын эске салды.
Мындан тышкары, Жапаров Кыргызстанда өзбек капиталы менен 60 компания иш алып барарын, анын 22си биргелешкен ишкана экенин белгилеген.
"Биз Өзбекстандан инвестиция, алдыңкы технологияларды тартууга, компаниялардын менеджментине кызыкдарбыз. Өзбек бизнесине сунуштоочу нерселерибиз да бар. Өлкөбүзгө болгон ишенимди бекемдөө, инвестициялык климатты жакшыртуу аркылуу инвесторлорду тартууга багытталган чечкиндүү чараларга бара алабыз", — деди Жапаров.
Кыргыз-өзбек соода жүгүртүүсү өткөн жылы 20,8%га өскөн