Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинада мобилизация кандай жүрүп жатат. Видео

Украинанын куралдуу күчтөрү Херсон жана Запорожье облустарына ири чабуул жасай турганын ЖМКлар жазганын Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы (ТГ) кабарлап, аталган өлкөдөгү мобилизацияны баяндаган видео жарыялады.
Sputnik
"Кайсы гана масштабдуу (аскердик – ред.) операция болбосун, көп адамдарды талап кылат", — деп жазган аталган ТГ-канал.
Бул күндөрү Украинада мобилизация улам агрессивдүү болуп бара жатат. Эркектерге согушка чакырууну дүкөндөрдөн, май куйган бекеттерде кезекте турганда, сейил бактарда жүргөн жерден берип жатканын айтышууда.
Алардан сырткары, майыптарга да тапшырылып жатканы маалым болду.
"Ал тургай аялдар да кооптонуп турушат", — деп айтылат видеодо.
Мындай ыкма менен Киев бийлиги Украинанын жок кылынган куралдуу күчтөрүнүн катарын толуктап жаткандыктарын да белгилешти.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Луганск: жардыруучу заттар катылган жай табылды. Видео