Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Германия канцлери Украинадагы жаңжалдын аякташы боюнча божомолун айтты

Щольц Германиядан Киевге жөнөтүлө турган Leopard 2 танкаларынын согуш талаасындагы функциясы тууралуу айтып, алардын кубаттуулугун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германиянын Киевге жөнөтө турган Leopard 2 танкалары кубаттуу, бирок Украинадагы жаңжал жакын арада бүтпөй тургандыгына да даяр болуу керек. Мындай оюн Германиянын канцлери Олаф Шольц билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.
Шольц журналисттердин "Leopard 2 танкалары Украинадагы жаңжалдын жыйынтыкталышына таасир эте алабы?" деген суроосуна "алар абдан эффективдүү, өтө пайдалуу болот" деп жооп берген.
Ошол эле учурда ал "тилекке каршы, бул чыр-чатак жакын арада бүтпөй тургандыгын да эске алуу зарыл. Россия тарап Киевге жардам берүү солгундайт деп божомолдобошу керек" деген.
Мындан тышкары, канцлер НАТОнун бул жаңжалдын түздөн-түз катышуучусу болушун каалабай турганын белгиледи.
"Мен бул согуш Россия менен НАТОнун ортосунда боло тургандай деңгээлге чыкпашы үчүн бардык аракетимди жасайм", — деди Шольц.
Канцлер Украина жеңиши керекпи деген суроого да түз жооп берген эмес. "Украина жеңилбеши керек" деген ал. Журналисттердин "Анда Россия жеңилиши керекпи?"деген тактоо иретиндеги суроосуна "Россия өзүнүн максатына жетпеши керек" деп жооп берген.
Шольц Leopard 2А6 танкаларын Украинага жиберүү чечимин кабыл алды