Радио

Жолдошов: 583 эстелик тарыхый-маданий мурас тизмесине кирген

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошов эстеликтерди тарыхый-маданий мурас тизмесине киргизүү тууралуу айтып берди.
Sputnik
Өлкөдө 583 республикалык маанидеги эстелик тарыхый-маданий мурас тизмесине киргизилген. Бул тууралуу Чынарбек Жолдошов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, археологиялык эстеликтердин беш пайызы гана изилденген.
"Тарыхый-маданий мурас тизмесине киргизүү аларды аныктоо, абалын изилдөө жана экспертиза болуп үч багыт боюнча жүргүзүлөт. Экспертизанын натыйжасына жараша ал республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурастар тизмесине министрлер кабинетинин чечими менен, ал эми жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастар тизмесине жергиликтүү бийликтин чечими менен киргизилет. Учурда өлкөдө 583 республикалык маанидеги эстелик тизмеге киргизилген. Көпчүлүгү археологиялык эстеликтер, 95 пайызы изилдөөгө муктаж. Ал эми 1500гө чукулу жергиликтүү маанидеги эстелик. Негизинен булардын көпчүлүгү монументалдык искусствого таандык, башкача айтканда, айкелдер. Азыркы тапта бул тизмени кеңейтүү мерчемделүүдө", — деди Жолдошов.
Адис 2015-жылдан бери курулуш, чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн археологиялык табылгалар боюнча Маданият министрлигинин корутундусун ала баштаганын кошумчалады.