Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Себеп

Буга Кара-Кол дарыясына муз тоңуп, жээкке жакын жайгашкан үйлөрдү жана короо-жайларды каптоо коркунучу жаралганы себеп болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Талас облусунун Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Буга Талас районундагы Көпүрө-Базар айылынан агып өткөн Кара-Кол дарыясына муз тоңуп, жээкке жакын жайгашкан үйлөрдү жана короо-жайларды каптоо коркунучу жаралганы себеп болгон.
Учурда өзгөчө кырдаалды жөнгө салуу үчүн кызматкерлер жана тиешелүү каражаттар тартылган. Ошондой эле "Кызыл ай" коому муз тазалап иштегендерге үч күндүк ысык тамагын уюштурууда.
Буга чейин Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында катуу сууктан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Ал жакта суу кампасындагы түтүктөр тоңуп, андан соң отканаларга суу толук келбей жылуулук берүү да үзгүлтүккө учураган. Учурда калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
ӨКМ: Майлы-Суу шаарынын тургундарына таза суу штаттык режимде бериле баштады