Шавкат Мирзиёев жубайы Зироатхон Хошимова менен Бишкекке келди. Сүрөт

Өзбек лидерин "Манас" аэропортунан президент Садыр Жапаров канайым Айгүл Жапарова менен тосуп алган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди

2 / 4

Коңшу өлкөнүн лидери Мирзиеёв менен жубайын "Манас" аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды

3 / 4

Өлкө лидерлери мамлекеттик сапардын алкагында эртең, 27-январда, тар жана кеңири курамда эки тарапты кызыктырган маселелердин кенен топтомун жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат

4 / 4

Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат

Коңшу өлкөнүн лидери Мирзиеёв менен жубайы Зироатхон Хошимованы эл аралык "Манас" аэропортунан президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен тосуп алышты.

"Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, аны бойлото Ардактуу кароол тизилди. Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары кыргыз артисттеринин коштоосундагы концерттик программаны көрүштү", — деп айтылат маалыматта.

Өлкөлөрдүн башчылары мамлекеттик сапардын алкагында эртең, 27-январда, тар жана кеңири курамда эки тарапты кызыктырган маселелердин кенен топтомун жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.
Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлмакчы.
168 млн. долларлык келишимдер. Кыргыз-өзбек бизнес-форумунда кол коюлган документтер