Салык кызматы быйыл 247,6 миллиард сом чогултууга белсенип жатат

Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. 2023-жылы Мамлекеттик салык кызматы 247,6 миллиард сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултушу керек. Анын ичинен салыктар боюнча план 196,1 миллиард сом, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча план 51,5 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Белгиленген план 2022-жылга караганда 40 миллиард сомго көп.
"Салык кызматы салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча коюлган планды толук аткарууга, ошондой эле бизнести көмүскөдөн чыгарууга бардык күч-аракетин жумшайт. Салыктын жол-жоболорун санариптештирүүнү сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Радио
Кыргызстанда 1-февралдан тарта патент менен иштөө системасы өзгөрөт