Аталган ишкана боюнча кеп кылганда бир нече учурларды белгилеп кетүү абзел.
"Артемсоль" – туз алуу жана өндүрүү боюнча Европадагы эң ири ишканалардын бири. Ал Донецк облусунун Соледар шаарында жайгашкан. Бул аймакта туз кени биринчи ирет 1881-жылы пайда болуп, иштей баштаган. "Артемсоль" биргелешкен ишканасы 1976-жылы түптөлүп, кубаттуулугу эбегейсиз эле. Советтер Союзу мезгилинде туздун жалпы көлөмүнүн 40 пайызга чейинкисин өндүрүп берип турган.
Ал эми СССР кулаган соң украиналык рыноктун керектөөсүн 90 пайызга чейин камсыздап келген.
Өндүрүш процессине токтолсок, туз 200-300 метр тереңдиктен казып алынат жана жылына 7 миллион тонна продукция өндүрө алат. Ишкана ачылгандан бери шахталардын жалпы узундугу 300 чакырымга жеткен. 140 жыл ичинде Соледар кендеринен 250 миллион тоннадан ашык туз өндүрүлсө дагы азыркы кору 13 миллиард тонна деп бааланып келет.
Айтмакчы, Донбасстагы чатак башталганга чейин "Артемсоль" продукциясын 22 өлкөгө жөнөтүп турган. Ал эми белгилүү себептерден улам 2022-жылдын апрелинен тарта жергиликтүү темир жол менен кошо иштебей турат.