Мирзиёевдин расмий сапары: президент алгач "Ата-Бейитке" барды. Сүрөт

Мирзиёевдин расмий сапарынын негизги иш-чаралары эртең, 27-январда, болот.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёев "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу Өзбекстандын мамлекет башчысынын маалымат кызматынан кабарлады.
Аны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коштоп жүрдү.
1 / 3

Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёев "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барды

2 / 3

Аны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коштоп жүрдү

3 / 3

Мирзиёев 1916-жылдагы трагедияда — Үркүндө каза болгондордун элесине арналган мемориалга гүлчамбар койду

Мирзиёев 1916-жылдагы трагедияда — Үркүндө каза болгондордун элесине арналган мемориалга гүлчамбар койду.
Мирзиёевдин расмий сапарынын негизги иш-чаралары эртең, 27-январда, болот.
Эске салсак, Мирзиёев бүгүн жубайы Зироатхон Хошимова менен Кыргызстанга келген.
Шавкат Мирзиёев жубайы Зироатхон Хошимова менен Бишкекке келди. Сүрөт