Өзбекстан Кыргызстандан товар импорттоо пландары тууралуу айтты

Кыргызстан коңшу өлкөдөн цемент, айыл чарба продукциясы менен көмүрдү импорттоп, жер семирткич, дары-дармек жана текстиль продукциясын экспорттосо болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстан жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн алып келинген товарларды бири-биринен алууну пландап жатат. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин аппарат жетекчиси Сардор Умурзаков Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-өзбек бизнес-форумунда билдирди.
Өзбекстандын президентинин аппарат жетекчиси Сардор Умурзаков
Анын айтымында, Өзбекстан жылына Кыргызстандан 500 миллион долларга товар алса, Кыргызстан коңшу өлкөдөн 800 миллион долларлык товар алып келет.
Умурзаков сөз Өзбекстандан цементти, айыл чарба продукциясын жана көмүрдү импорттоо тууралуу болуп жатканын айткан. Ал эми Кыргызстан Өзбекстанга жер семирткич, дары-дармек, текстиль продукциясын жана башкаларды экспорттой алат.
"2016-жылдан бери товар жүгүртүү 7 эсеге, биргелешкен ишканалар 8 эсеге өстү. Бирок бул көрсөткүчтөр бизде болгон потенциалдан таптакыр алыс. Биз өз ара соода көлөмүнүн эселеп өсүшүн камсыздай алабыз. Бүгүнкү күндө жаңы чакырыктар жана тобокелдиктер пайда болууда. Мындай шартта биз бири-бирибизге, бир тууган элдерге жана кошуналарга колдоо көрсөтүшүбүз керек", — деди Умурзаков.
Бишкекте кыргыз-өзбек бизнес-форуму башталды