52 млн. сом зыян келтирилген. УКМК салык кызматкерин кармады

Шектүү жарандардын бирин салык органдарынан жеке ишкер катары жасалма каттоодон өткөрүп, анын атынан көмүскө экономикалык иштерди жасап жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын Н.С. аттуу кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кармаганы маалымдалды.
"Мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген документтерди жасалмалоо фактысы аныкталды. Н.С. жарандардын бирин жеке ишкер катары салык органдарынан жасалма каттоодон өткөрүп, анын атынан көмүскө экономикалык иштерди жасап жүргөн. Жыйынтыгында республикалык бюджетке болжол менен 52 миллион 870 миң сомдук зыян келтирген", — дешти УКМКдан.
Шектүү 25-январда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мекемеден учурда бул мыйзамсыз иштерге башка кызмат адамдарынын да тиешеси бар-жогун аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.
Ошто УКМК тергөөчүсү 15 миң доллар пара алып жатканда кармалды