168 млн. долларлык келишимдер. Кыргыз-өзбек бизнес-форумунда кол коюлган документтер

Иш-чара Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өтүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-өзбек форумунда он документке кол коюлду, анын ичинде 100 миллион долларлык келишим бар.
Айрым документтерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, кээ бирлерине эки өлкөнүн компания жетекчилери кол коюшту.
Документтердин тизмеси:
Агроөндүрүш тармагындагы кызматташуу жөнүндө жол картасы;
Жалал-Абад облусунда текстиль буюмдарын өндүрүү боюнча кызматташтык келишим;
Нарын облусунда терини кайра иштетүү жана өндүрүү, картошка өстүрүү багытындагы агрардык класстер уюштуруу боюнча кызматташтык келишим ;
Картошка өстүрүү жана мал багуу боюнча агрардык классстерди түзүү тармагында кызматташуу жөнүндө келишим;
"Кыргыз Республикасында карбид жана кальций өндүрүү комплексин куруу" инвестициялык долбоорун ишке ашыруунун алкагында өнөктөш болуу келишими. Келишимдин суммасы 20 миллион долларды түзөт;
Кыргызстандан Өзбекстанга жүгөрү данын жеткирүү келишими. Келишимдин суммасы 100 миллион долларды түзөт;
Кыргыз Республикасындагы электр энергиясын эсепке алуу жана шаймандарын куроону уюштуруу боюнча кызматташуу жана алакада болуу жөнүндө меморандум;
Базальт ташын кайра иштеткен заводдун иши жөнүндө меморандум;
Өзбекстандын ишканаларынын продукцияларын Кыргызстанда сатуу боюнча кызматташуу келишими;
Кыргызстандан Өзбекстанга айыл чарба продукцияларын жеткирүү келишими.
Бизнес-форум уланууда. Иш-чара Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өтүүдө.
Акылбек Жапаров өзбекстандык инвесторлорду ГЭС курууга чакырды