Бишкекте кыргыз-өзбек бизнес-форуму башталды

Иш-чаранын жүрүшүндө 100 миллион доллардын тегерегиндеги документтерге кол коюу пландалган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында кыргыз-өзбек бизнес-форуму башталды. Иш-чара Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон иш-сапарынын алдында өтүп жатат.
Форумга Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, Өзбекстан президентинин администрация башчысы Сардор Умурзаковдун жана экономика, инвестиция тармагындагы мамлекеттик кызматкерлердин катышуусу күтүлүүдө.
Анда Кыргызстандын бийлиги өлкөнүн инвестициялык потенциалы жөнүндө даярдалган видеороликти көрсөтүп, Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берет. Мындан тышкары, форумдун жүрүшүндө 100 миллион доллардын тегерегиндеги документтерге кол коюу пландалган.
Иш-чаранын ачылыш аземи бүтүп, документтерге кол коюлгандан кийин "Экономикалык кызматташтыктын келечеги", "Бизнес-кооперация жана экспорт" темаларында отурум өтөт. Ошондой эле "Аймактык интеграция жана экономикалык өнүгүү" темасында тегерек стол уюштурулары белгилүү болду. Түштөн кийин B2B форматындагы жолугушуулар жана Кыргыз-Өзбек ишкердик кеңешинин отуруму болот.
Кыргыз-өзбек соода жүгүртүүсү өткөн жылы 20,8%га өскөн