Темир Сариев кыргыз-өзбек ишкерлерине эмне тоскоол болорун айтып берди

Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Бишкекте өтүп жаткан бизнес-форумда Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлерине эмне тоскоол болорун айтып берди.
Ал Соода-өнөр жай палатасы "өзбек кесиптештеринин колдоосуна ээ" экенин, ошентсе да айрым кыйынчылыктар бар экенин белгиледи:
чек ара аймагындагы өткөрүү пунктуларынын жетишсиздиги, алардын техникалык жактан начар камсыздалышы;
тез бузулуучу азыктарды жеткирүү үчүн "жашыл коридордун" жоктугу;
соода-логистикалык хабдын жоктугу;
ветеринардык документациянын электрондук системасы интеграцияланган эмес;
авиакаттамдардын аздыгы.
Сариевдин айтымында, бул ушуга чейин айтылгандардын азыраак гана бөлүгү. Ал аталган көйгөйлөрдү чечүүдө эки өлкөнүн ишкерлери мамлекеттик органдар менен иштешүүгө даяр экенин белгиледи.
168 млн. долларлык келишимдер. Кыргыз-өзбек бизнес-форумунда кол коюлган документтер