Кыргызстанда коррупцияга белчесинен баткан бийликтин сегиз органы. Тизме

Саламаттык сактоо министрлиги антирейтингдин сап башына чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Улуттук статистика комитети Кыргызстанда коррупциялашкан бийлик органдарынын рейтингин жарыялады.
Статком 2022-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарында коррупция канчалык тамырын жайып кеткени туурасында элдин ишеним индексин изилдеген.
Индекс +100дөн –100гө чейинки баллдык шкала менен эсептелет. Башкача айтканда, эң аз балл алган органда коррупция гүлдөгөнүнөн кабар берет.
Жемкордукка баткан мекемелердин рейтинги:
Саламаттык сактоо министрлиги — 3,1 балл;
Ички иштер министрлиги — 12,5;
Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги — 12,8;
Транспорт жана коммуникация министрлиги — 17,1;
Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги — 18,9;
Финансы министрлиги — 20,4;
Экономика жана коммерция министрлиги менен Билим берүү, илим министрлиги — 22.
Эл кыргыз бийлигине көбүрөөк ишенип калды. Статкомдун маалыматы