Быйыл Ала-Арча паркына конок үйлөрү курулары айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Быйыл Ала-Арча жаратылыш паркына конок үйлөрү курулат. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев өзүнүн социалдык баракчасына жазды.
Ал өткөн жылы парктын жолу оңдолуп, жарыктандыруу иштери аяктагандыгын айткан.
"Урматтуу шаардыктар жана коноктор! Ала-Арча улуттук жаратылыш паркы жылдын төрт мезгилинде тең туристтерди тосуп алып, кооздугу менен суктандырат. Эс алууга, жакындарыңыздар менен сейилдеп келүүгө абдан ыңгайлуу, коопсуз жана шаардан алыс эмес. Сиздерди жагымдуу убакыт өткөрүп кетүүгө чакырабыз. Өткөн жылы жолун оңдоп, жарыктандыруу иштерин аягына чыгардык. Бул жылы конок үйлөрдү курууну, мекенибизге келген меймандарыбызга шарт түзүүнү максат кылып жатабыз", — деген Туманбаев.
Өткөн жылы Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов "Ала-Арча" улуттук паркын трансформациялап, бизнес объектилерин курууну сунуштаган. Анын сунушуна ошол мезгилдеги маданият министри Азамат Жаманкулов парктын баарын ресторан кыла албастыгын, бир-эки жерге аркан жолдор, маданий иш-чараларды өткөрө турган амфитеатр, анан кэмпинг жайларын куруу боюнча долбоор иштелип жаткандыгын айткан.
Бишкектеги бузулган колониянын ордуна курула турган кичи райондун эскиздери