Радио

Урайымов: информатика сабагы боюнча Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн алдыда

Информатика сабагы боюнча окуучуларды эл аралык олимпиадага даярдаган машыктыруучу Кылычбек Урайымов информатика сабагы боюнча өлкөдөгү жетишкендиктерди айтты.
Sputnik
Информатика сабагы боюнча дүйнөлүк олимпиададан Кыргызстандын 15 коло медалы бар. Бул тууралуу Кылычбек Урайымов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тренердин максаты — дүйнөлүк олимпиададан алтын медаль алуу.
"Кыргызстан информатика сабагы боюнча дүйнөлүк олимпиадага 2000-жылдан бери катышып келет. Ушул тапта куржунубузда 15 коло медаль бар. Алдыдагы жылдарга койгон башкы максатыбыз — алтын медаль алуу. Ал жактан коло медаль алуу биздин окуучулар үчүн кадимки эле көрүнүшкө айланып, барган окуучулардын көбү коло медаль алууга жетишип калды. Мындай ийгиликке улуттук олимпиаданын таасири чоң деп айта алам. Анткени улуттук олимпиада башталгандан бери медаль алган окуучулардын саны кыйла өстү", — деди тренер.
Ал информатика сабагы боюнча Кыргызстан кошуна өлкөлөрдүн көбүн артта калтырганын кошумчалады.