Бишкекте төрт троллейбустук каттам убактылуу токтотулду

Бүгүн-эртең Шавкат Мирзиёевдин сапарына байланыштуу жолдор маал-маалы менен жабылып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы борбор калаада төрт троллейбустук каттам убактылуу токтотулгандыгын кабарлады.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин келишине байланыштуу Фучик көчөсүнөн Чүй проспектине чейин жана Чүйдөн Манас проспектине чейин жабылат.
"Буга байланыштуу №11, 6, 5 жана 14 троллейбустардын каттамы убактылуу токтотулат. Ал эми №2 жана 10 троллейбустардын маршруту өзгөрүп, алар Чүй проспекти менен эмес, Киев жана Москва көчөлөрү аркылуу өтөт", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле Чыңгыз Айтматов проспектин бойлой мамлекеттик резиденцияга өтүүчү жол да маал-маалы менен тосулары айтылды.
Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапары 26-27-январда болот.
168 млн. долларлык келишимдер. Кыргыз-өзбек бизнес-форумунда кол коюлган документтер