Бишкекте айрым класстын окуучулары онлайн-окууга өтүштү. Себеби

Бейшемби жана жума күндөрү шаардын борбордук көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкекте түштөн кийин окуган окуучулар ушул аптанын аягына чейин кайрадан онлайн-окууга өтүштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан маалымдалды.
Чечим Өзбекстандын президентинин сапары учурунда Бишкектеги айрым жолдордун жабылышына байланыштуу кабыл алынган.
Билдирмеде окуу 26-27-январда онлайн-форматта боло тургандыгы белгиленген. 28-январда жана кийинки аптанын башында окуучулар кайра кадимки окуу тартибине өтүшөт.
Ал эми бала бакчалар кадимки тартипте иштей тургандыгын турганын Sputnik агенттигине Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
Бишкекте үч мектеп аралыктан окууга өттү. Себеби жана тизмеси